Эки жумадан кийин  Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгын белгилейбиз. Шаардыктар буга чейин шаар тууралуу бир нече аңгемелер менен таанышышты. Бүгүнкү баян Бурулай Казыпаева жөнүндө болмокчу

Каарманыбыз көчмө ашканасында  жыл бою суусундуктарды жана таттууларды сатат.

Анын кардарлары - Дордой базарынын сатуучулары жана сатып алуучулары, адар  даамдуу жана  жаңы даярдалган тамактарды алуу үчүн кезекке турушат.

Бурулай эже  мүнөзү ачык жана жан дүйнөсү таза  аял.  Базарда  18 жылдан бери  туруктуу эмгектенет, далай убакыт мурун,  Баткен областынан  борборго үй -бүлөсү менен көчүп келген  жана азыркы учурда  каарманыбыздын үч баласы жана эки небереси бар.

Эженин  жумуш күнү таң саарлап,  эртең мененки  намаздан кийин башталат. Күн сайын жумушка чыгаардын алдында ал керектүү нерселердин баардыгын ар кандай даамдуу тамактардын түрлөрүн жана салфеткадан тартып,  кашыкка чейин даярдап алып, жолдошу менен чогу ишке  шашат.

Катуу ысык   жана катуу суук күндөрү  эже даамдуу ысык жана муздак суусундуктары менен кардарларынын суусундарын кандырат. Бурулай өзүнүн ынтымактуу «кесиптештери»  менен абдан сыймыктанат, алар  ошол эле даамдууларды  сатуучулар, алардын ортосунда кастык жана атаандаштык жок,  ошондой эле  ар жума сайын чай үстүндө чогуу убакыт өткөрүшөт.
Базардагы талыкпаган эмгектин аркасы менен Бурулай жолдошу экөө үй салышып,  балдарынын  билим алуусуна жардам беришти.

"Ооба, иш оңой эмес, бирок мен кылган ишимди абдан жакшы көрөм жана уланта берем", - деди Бурулай эже.

Маегибиздин акырында эже  бизди муздак  шире менен сыйлады жана  кардарларына түшкү тамак жана кызарып бышкан   таттуу нандарын  берүүгө шашты.

Биз ар бир адамдык сапатын, достук мамилесин жана жумушту, үйдүн очогун сактап калууга жетишкен шаардыктарыбыздын алдында башыбызды ийип таазим кылабыз.

Рахмат Бурулай эже жана бардык талаа ашпозчулары! Сиз чыныгы боорукердиктин жана ишкердүүлүктүн  үлгүсүсүз!