Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата шаардык кызматтардын кесипкөй, талыкпай мээнет кылган кызматкерлери жөнүндө баяндайбыз. Бүгүнкү каарманыбыз “Бишкекасфальтсервис” муниципалдык ишканасынын кызматкери Жумадил уулу Аман.

30 жашка чыгып, күчкө толуп, жашоонун кызыктуу көз ирмемдерин жол инфраструктурасын өркүндөтүүгө арнап жаткан Жумадил уулу Аман. Жолдогу чуңкурчаларды бүтөөдөн баштап, жолду асфальтоого даярдаган, 4 жыл аралыгында асфальт төшөп, оңдогон мыкты жигит. Ишин берилүү менен аткарып, жемишинин үзүрүн көрүп, үй-бүлөсүн багып келет. Кыштын суугунда, жайдын ысыгында, талыкпай эмгектенип келген инсандар, бар болуңуздар.