Бишкек шаарынын мэриясында Түркияда чыгарылган көп орундуу автобустарды жеткирүү боюнча меморандумга кол коюу иш-чарасы өткөрүлдү.

Меморандумга мэриянын шаардык транспорт башкармалыгы менен «Грин Бас» ЖЧКсы кол коюшту.

Жалпысынан 2021-2022-жылдары Бишкекке 300-350 автобус жеткирүү пландалууда.

10-12 метрлик экологиялык жактан ыңгайлуу автобустардын биринчи партиясы ноябрдын аягына чейин борборго жеткирилет.

Транспорт эл аралык стандарттарга жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жүргүнчүлөрдүн жүрүүсүнө, бардык  талаптарга толук жооп берет.