Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата шаардык кызматтардын кесипкөй, талыкпай мээнет кылган кызматкерлери жөнүндө баяндайбыз. Бүгүнкү каарманыбыз Бишкек шаардык борборлоштурулган китепкана тармагынын китепканачысы Догдурбек Юсупов.

Төрөлгөндө эле китеп жан дүйнөсү менен бирге жаралгандай сезилет. Жайыл районунун Талды-Булак орто мектебинде окуп жүргөн кезинде мектептин жана айылдык китепканадагы китептерди бирин калтырбай окуп чыгат. Ошондо эле китеп менен өмүрү тыгыз байлангандыгын, китепсиз жашай албай тургандыгын түшүнөт. Сосновка айылындагы китеп дүкөнү өз үйү сыңары болуп, улам барып, жаңы келген китептерди сатып ала берет. Өзгөчө акындардын ыр жыйнактарын, Турар Кожомбердиев менен Жолон Мамытовдун китептерин "тытып" окуп, Алыкул Осмоновду болсо тамга тааный электе атасы окуп берээр эле. Ошентип, он жылдыкты бүтүрүү экзамениндеги эркин теманы ыр менен жазып, районду бүт таң калтырганы эсинде.

Китепке жакын болоюн деп Пржевальск пединститутунун филология факультетин аяктайт. Мугалимдик ишин баштап, баары бир жазма жагы жеңип кетип, журналистикага биротоло өтөт. Адегенде райондук, облустук, анан республикалык гезиттерде иштеп, кийтн Президенттин Ардак грамотасына татып, 2010-жылы КР маданиятына эмгек сиңирген ишмери наамы берилет.

Баары бир бала кезинде даамын таткан китеп дүйнөсү тынчтык бербеди. Турмуштун дабанына чыгып, Алыкул Осмонов атындагы сыйлыктын лауреаты, "Арча" эл аралык сыйлыгынын эки жолку лауреаты, Бүт дүйнөлүк коомдук поэзия академиясынын академиги, КР билим берүү отличниги, КР маданиятынын мыкты кызматкери наамдарына ээ болгондон кийин китеп дүйнөсү менен бала чагындай аралашууну чечти. Үч жылдан бери Бишкек шаардык борборлоштурулган китепкана тармагында китепканачы болуп үзүрлүү эмгектенип, шаардык китепканаларда өткөрүлгөн маданий иш-чараларды басма сөз беттеринде чагылдырып, мааракелерди, акын-жазуучулар менен жолугушууларды, поэзия кечелерин өткөрүп келүүдө.

Д.Юсуповдун эки проза, үч поэзия китептери жарык көргөн. Учурда кезектеги китеби жарык көрүүнүн алдында турат.

БИШКЕГИМ

Бишкегим сен жаңылык жаратасың,
Күн сыяктуу нуруңду таратасың.
Көк тиреген курулуш кулач жайып,
Күндөн күнгө өзгөрүп баратасың.

Барган сайын жакшырып жашоо шартың,
Жогорулап баратат кадыр-баркың.
Обн-шооктор уланып кете берсин,
Бейпилдикте жагасын бардык калкың.

Нуруңду сен баарына тарата бер,
Жаңылыкты кылааңдан карата бер.
Уул-кыздарың көчөңдө шынарлашсын,
Жакшынакай тарыхты жарата бер.

Бузуктарды алабыз колкосунан,
Чыкпайбыз биз чийимдин ортосунан.
Бишкегим сен татыктуу орун алдың,
Түбөлүккө жүрөктүн толтосунан!..

КИТЕПКАНА

Китеп өзү тийип турган күнүбүз,
Китепке деп артат күндө сүйүүбүз.
Китептерди сактап турган турагы -
Китепкана биздин куттуу үйүбүз!

Убакыттар өтсө дагы бир далай,
Китепкөйлөр алгалашат өр карай.
Алтындан да баалуу китеп сактаган,
Китепкана чындыгында хан сарай!

Жалпы иштен жарым карыш четтебей,
Эскилерин желимдемей, эптемей.
Китепкана - чылар үчүн чынында,
Китепкана кудум эле Меккедей...

Кыйындыктар арбын эле кезигет,
Китепти ойлоп кээде жүрөк эзилет.
Чындыгында китепкана биз үчүн,
Ак үйдөн да кымбатыраак сезилет.

Мейли жылдар, айлар жана күн өтсүн,
Китеп тураар тээ төрүндө түнөктүн.
Хан сарайдай китепкана түбөлүк,
Орун алган толтосунан жүрөктүн!..

КИТЕПКАНАЧЫЛАР

Китеп десе жайылып канаттары,
Китеп болуп дайыма каратканы.
Өз үйүндөй сезилип китепкана,
Өз ишинин чыныгы фанаттары.
Китепканачылардын деми менен,
Китептердин ачылат барактары.

Көз жаштарын сүртүшпөй жаздыгына,
Көөдөн керип, карабай жаштыгына.
Кийим-кечек тууралуу ойлоп койбой,
Китеп гана чогултат баштыгына.
Көңүл бурат ишинин сапатына,
Көңүл бурбай айлыктын аздыгына.

Китеп болуп колдогу жарактары,
Китеп барда айыгып жараттары.
Кичинекей кубаныч шыктандырып,
Китеп менен алгалап барат баары.
Чындап рйлоа көргөндө китепкөйлөр,
Чындыгында ишинин фанаттары.

Догдурбек ЮСУПОВ,
Бишкек шаардык борборлоштурулган китепкана тармагынын китепканачысы.