Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгынын урматына биз шаарыбыздагы кызматтардын кызматкерлери тууралуу окуяларды баяндайбыз. Бүгүнкү каарманыбыз  №2 үй -бүлөлүк дарыгерлер борборунун Медициналык кеңеш берүү бөлүмүнүн башчысы,  дарыгер Назгүл Тураевна.

Назгүл Тураевна көзгө көрүнбөгөн душман менен күрөшүүдөгү кыйынчылыктар, дарыгерлердин эрдиктери тууралуу төмөнкүлөрдү баяндайт.

2020 жылдын 4-июль айы ишемби күнү жумушта элем, күтүүсүздөн  Газпром дене тарбия-ден соолукту чыңдоо комплексинде уюштурулган күндүзгү стационарга координатор врач болуп медиктерди жетектегенге чакырылдым.

Түштөн кийин күндүзгү стационарда менден башка кесиптештерим, Баткенден келген 5 ыктыярчы дарыгер жана медициналык академиянын бүтүрүүчүлөрү бар экен. Күндүзгү стационарды ачууга даярдыктарды көрүп жатышыптыр.

Дароо оорулуулар түшө башташты, биз атайын коргоочу кийимдерибизди кийип, ишибизге кириштик. Ошентип согушка куралсыз киргендей эле тез арада күндүзгү стационар ачылып, бейтаптарды кабыл ала баштадык.  

Күнүнө 500дөн  ашык ар кандай оору менен медициналык жардам сурап кайрылган жарандарга колубуздан келген жардамдарды көрсөтүп, оор учурларды ооруканаларга жиберип, тамырга дары дармектерди сайып, айрымдарына психологиялык колдоо көрсөтүп жаттык.

Бейтаптардын көздөрү бүгүнкү күндө дагы эсимде...

Ал мезгилде медиктер өздөрү дагы ооруп врачтар, мед айымдар жетпей жатты. Ооруканаларда орун жок,  баары бизге эле келгендей сезилет. Эртең менен саат 7де келип түнкү  саат 11-12лерге чейин иштеп күн нурун көрбөй, таң атып, түн киргенин билбей, сезбей да жаттык.

Үй-бүлөбүзгө ооруну жуктуруп албасын деп, бизди атайын өзүнчө мейманканаларга жайгаштырышты. Балдарыбыз сагынып ыйлап чалышат. Эмне болуп кетти? Түшүнбөй  эле калдык, согуш убагындай эле сезилди. Тышта эмне жаңылык болуп жатканын билбейбиз. 

Бул пандемияга барыбыз даяр эмес экенбиз.
Күндүзгү стационарда иштеп жүрүп дарыгерлер өзүбүз да ооруп калдык. Медицина кызматкерлери  өз ден соолугун аябастан, өмүрүн тобокелге салып  адамдардын жанын сактап калууга болгон күчүбүздү жумшадык деп ойлойм.

Көзгө көрүнбөгөн илдет менен күрөшүп, шаардыктарыбыздын саламаттыгы үчүн жан аябай иштеген, боорукер, мээримдүү  жана кесипкөй дарыгерлерибизге, медицина кызматкерлерине чын дилден ыраазычылык билдиребиз!