Бишкек шаарынын мэриясы Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата шаардык кызматтардын кызматкерлери тууралуу баяндайт. Бүгүнкү каарманыбыз – кыргыз тилин  катыра сүйлөгөн, шаардык чарба департаментинин кесипкөй адиси -  Анатолий Руденко.

Өмүрүбүздүн үчтөн бир бөлүгүн иштеген жумушта өткөрөбүз, тактап айтканда тандап алган кесип менен алек болобуз. Кишилер кесиптери менен өздөрүн таанытышат. Кесип ал кишинин адамкерчилигине, дүйнөгө болгон көз карашына, кабыл алуусуна таасир этип, адамдарда окшоштуктар, айырмачылыктар, өзгөчөлүктөр жана жакындыктарды пайда кылат.

Шаардык чарба департаментинин жол чарба бөлүмүнүн жетектөөчү адисин аркалап келген – Руденко Анатолий Валериевич өзүнүн жаш курагына карабастан кесипкөй, жоопкерчиликтүү адис. Шаарды көрктөндүрүүгө, жол курууда жана жол инфраструктурасын өнүктүрүүдө муниципалдык ишканалар менен тызгыз иштешип өз салымын кошуп келет.

Кыргыз туруп кыргыз тилин жарытып билбей, бир сүйлөмдүн жарымын орус тили менен жамап калган заманда, кыргызчаны мончоктой тизип сүйлөгөн биздин “кыргыз орус бала”.