Урматуу шаардыктар, өлкөбүздүн эгемендүүлүк күнүнө карата борбор каалабызда дагы бир сейил бак ачыларын билесиздерби?
Учурда «Бишкекасфальтсервис», «Бишкекжашылчарба » жана «Бишкекжарык»  муниципалдык ишканаларынын кызматкерлери “Ынтымак” сейил багынын курулуш иштерин жыйынтыктап жатышат.

Сейил бакты куруунун бирден бир негизги бөлүгү жөнүндө жашылдандыруучулар кам көрүштү. Багы жок сейил бак болбойт, туурабы?
Бактарды жана гүлдөрдү отургузуу – сейил бакты көркүнө чыгара турган акыркы штрих. Сейил бактын жашыл келбети бул – 60тан ашык адамдын кышы-жайы талыкпай иштеген эмгеги.

Жаңы баш багып калган чөптөн сугат тармагын орнотууга чейин  "Бишкежашылчарба” ишканасынын кызматкерлери тейлешет.
Сейил бакты куруу процесси адамдын жер менен түздөн-түз мамилесине байланыштуу.

Тагыраак айтканда, жерди атайын техника менен түздөө жана таштандылардан тазалоо менен сейил бактын келечектеги аймагы түптөлүп башталат.

Тазалоо иштер аяктагандан кийин ишкананын жумушчулары топурак түшүрүшүп, аны чачып тегиздешет.

Кийинки маанилүү жумуш “Бишкекжашылчарба” ишканасынын суу чарбасы боюнча участогунун жумушчуларына өтөт. Алар сугат системасын орнотушат.

Андан соң биз көк майсандар үчүн топурактарды даярдап баштайбыз. Көк майсан чөбүнүн үрөндөрү себилгенден кийин, алардын үстү нымды кармай турган атайын материал менен жабылат. Аягында биз эң кызыктуу ишке өтөбүз – жазы жалбырактуу жана ийне жалбырактуу бактарды отургузабыз, ошондой эле бир жылдык гүлдөрдүн клумбаларын даярдайбыз. Ар түркүн бир жылдык гүлдөрдү ишкананын гүл багуучу эжекелери кылдаттык менен отургузушуп, өздөрү андан ары багып, кам көрүшөт.

Сүйүү менен отургузулган клён жана липа бактары шаардыктардын көздөрүнүн жоосун алуу убактысын азыртадан эле күтүп жатышат. Андан тышкары, сиздерди биздин жашылдандыруу боюнча кызматкерибиз Алмаз байке аракет кылып отургузган гүлзарлардын сулуулугу кубандырат.

Баса, сиздери биздин сейил бактын ачылышында күтөбүз.

Сиздерге болгон сүйүүсү менен, “Бишкекжашылчарба” ишканасы.