Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Айбек Жунушалиев "Бишкек санитардык полигону" муниципалдык ишканасынын ишмердүүлүгү менен таанышып, шаардык таштандыга барды.

Иш сапары учурунда шаар башчысы таштанды полигонунун иштетүү үчүн жакында сатып алынган атайын жабдуулардын иштебей турганын, кызматкерлер конкреттүү эмгек шарттарына керектүү жабдуулар менен камсыздалбаганын байкады.

Ал ошондой эле Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы тарабынан бөлүнгөн каражат  “Бишкекте катуу таштандыларды башкаруу системасын жакшыртуу” долбоорун ишке ашыруунун жыйынтыгына нааразы болду.