Жакында Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгы,  биз болсо  шаарыбызда болуп жаткан кызыктуу окуялар  тууралуу маалымдоону уланта беребиз.

Кооз  короолордун айрымдары, таң калычтуусу, эски имараттардын короолору. Ал жерде уникалдуу атмосфера өкүм сүрүүдө. Биз "Чыгыш-5" кичи районунда жайгашкан уникалдуу "Семетей" короосунун жаралыш тарыхын айтып бергибиз келди.

Бул жайлуу короону тургундар өздөрү жаратышкан. Алар сугаруу, жашылдандыруу иштерин жүргүзүшүп жана отургучтарды орнотушкан. Короонун аймагы жашыл жана гүлдөргө чөмүлгөн, короодо бардыгы бар, ошондуктан  батирден көчөгө чыгып, таза аба менен  дем алып, куштардын сайраганынын  ырахат алса болот.

Бул короодо адаттагыдан тышкары  жашоочуларды кабыл алуу кеңсеси бар. Бардык кошуналар ошол жерге чогулуп,   маселелерди талкуулашат.

Мындай камкор, кайдыгер эмес  жана активдүү жарандарыбыздын менен шаарыбызда жайлуу короолор пайда болууда. Рахмат, урматтуу биздин шаардыктар!