Раззыковдордун үйбүлөсүнө кошумча компенсация берүү зыянды баалоо жана кайрадан аныктоодон кийин каралат. Мурда үйдүн ээсине Биринчи май районунун Социалдык өнүктүрүү башкармалыгы тарабынан 30 миӊ сом каражат берилген.

Калган үй курулушу жабыр тарткандарды калыбына келтирүү иштери жакынкы аралыкта жүргүзүлөт. Анын ичинде Темирова көчөсү №16 үйү да бар.

Мындан тышкары, жолугушууда КР ӨКМ Темиров жана Шооруков көчөлөрүндөгү үйлөрдү калыбына келтирүү жана куруу боюнча аткарылган иштердин актысын берүүсү чечилди. Капиталдык курулуш башкармалыгына аткарылган иштердин актыларын текшерүү, калган калыптандыруу иштери боюнча смета даярдоо тапшырмасы берилди. Анан ичинде Темиров көчөсү №16 үйү да бар. КР ӨКМне түзүлгөн сметага ылайык кошумча иштерди бүтүрүү тапшырылды.
Жолугушууга КР Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Давлетбек Алимбеков катышты.