Долбоорду талкуулоонун алдында Бишкек шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси Нурдин Тынаев чогулгандардын алдында көпчүлүк маселелер администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан чечилерин белгиледи. Ошондой эле, жаӊы идеяларды ишке ашыруу, алдыга жылдыруу жана көчөлөрдү тартипке келтирүү өзүбүздөн көз каранды экендигин түшүнүүгө чакырды.

Андан кийин чакырылгандар үчүн устав долбоорунун презентациясы көрсөтүлүп, сунуштар жана сындар айтылды.

Долбоор калаанын төрт районунун жергиликтүү коомдоштуктар менен талкууланат.

Иш-чарага Бишкек шаардык кеӊешинин депутаты Насирдин Айсаев, Свердлов райондук администрациясынын башчысы Айнагүл Чылабаева, МАБдардын башчылары жана акимиаттын өкүлдөрү катышты.