3-сентябрда Ынтымак-2 паркында Кыргыз Республикасынын жана Казакстан Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына арналган "Кыргызстан-Казакстан" бир тууган элдердин биримдик аллеясынын ачылышы болуп өттү.

Көчөттөрдү отургузуу иш-чарасына  Жогорку Кеңештин Төрагасы Токон Мамытов, борбордун мэри Айбек Жунушалиев, Жогорку Кеңештин депутаты Гүлшат Асылбаева, Казакстан Республикасынын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Рапил Жошыбаев, "KAZ Minerals Bozymchak" ЖЧКсынын башкы директору Ильяс Тулекеев катышты.

Эми аллея достуктун жана биримдиктин символу катары 40 арча  менен кооздолот.

Иш-чараны Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши, Казакстандын Кыргыз Республикасындагы Элчилиги борбордун мэриясы жана Кыргыз Республикасынын казактарынын Ассоциациясы менен биргеликте уюштурду.

Маалымдама: Бишкек-Казакстандын эки негизги шаары Алматы жана Нур-Султан шаарлары менен боордош шаар.

Келечекте борборубузда казак эл акыны Абайдын эстелиги, Нур-Султан шаарында Манастын эстелиги тургузулат.