Шахмат боюнча 20 жашка чейинки улан-кыздар арасындагы Азия чемпиондугу 2-12-октябрда Бишкек шаарында өткөн. Турнирде сегиз өлкө – Кытай, Индия, Иран, Шри-Ланка, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстана жана Кыргызстандан 40 оюнчу ат салышкан.


Калаа башчысы Кубанычбек Кулматов  жаш шахматчыны Азия чемпионатынан алып келген коло медалы менен куттуктап, келечектеги оюндарына ийгилик каалады.


Учурда Руслан Съездбеков Бишкек шаарынын №5 орто мектебинде окуйт.