9 -сентябрда шаардык муниципалитетте мэрия, Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгы жана "Альфа Телеком" ЖАК ортосунда Меморандумга кол коюлду.

Меморандум  борбор калаанын биринчи вице-мэри Максатбек Сазыкулов, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы Азамат Ногойбаев жана "MegaCom" компаниясынын башкы директору Азат Базаркулов  тарабынан түзүлдү.

Меморандумдун алкагында тараптар тийиштүү көп функциялуу объектилерге видеобайкоо системасын орнотуу аркылуу Бишкек шаарындагы инфраструктуралык объектилерди техникалык жабдуу менен камсыздоо максатында өз ара аракеттенишет. Ошондой эле, максаттардын бири - интернеттин камтуусун жогорулатуу.

Бишкек шаардык мэриясы менен Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы көп функциялуу инфраструктуралык объектилерди орнотуу үчүн жерлерди биргеликте аныкташат, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы видеобайкоо системаларын жана техникалык коопсуздук системасынын башка элементтерин орнотууга укуктуу. Ал эми MegaCom көп функциялуу инфраструктуралык объектилерди курууну жана орнотууну, видеобайкоо системаларынын андан ары иштешин жана байланышын камсыз кылат.