Күз-кыш мезгилине даярдык көрүү мезгилинин алкагында  66 отканадан 56 откана жылытуу мезгилине даяр.
Калган 10 отканада оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатат. План боюнча октябрь айынын башына чейин бардык отканалар ишке даяр болот.

"Гагарин" отканасында оңдоо иштери 80%га аткарылды. Ал жерге жалпы кубаттуулугу 5,0 МВт болгон жаңы казан орнотулду. Ошондой эле газ түтүктөрү, жылуулук алмаштыргычтары, от казандары жана насостор демонтаждалды. Чыпкалар оңдолуп, казандын сырткы беттери көөдөн, ички бети кебээрден тазаланды.

Учурда жаңы жылуулук алмаштыргычтардын орнотулушуна байланыштуу казандын түтүктөрүнүн схемасына өзгөртүүлөр киргизилүүдө. Андан кийин жаңы орнотулган жабдууларды калкалоочу жеңил конструкциянын курулушу башталат. Ал эми акыркы этап косметикалык оңдоо болот.

Маалымдама: "Гагарина" отканасы №141 бала бакчасын жыл бою ысык суу менен камсыз кылат, №55 орто мектепти, №20, 94, 91 кесиптик лицейлерин жылытат жана №5 мончо жана кир жуучу заводду каныккан буу менен камсыз кылуу үчүн жылуулук энергиясын өндүрөт.