Борбор калаанын курулуш жана архитектура боюнча вице-мэри Азат Узаков шаардыктардын жеке кабыл алуусун өткөрдү.

Жолугушууга 20 шаар тургуну келди. Негизинен кайрылуулар мыйзамдаштыруу, жерди ижарага берүү, жол куруу боюнча болду.

Шаардыктардын бардык өтүнүчтөрүн, сунуштарын жана даттанууларын уккандан кийин, вице -мэр тиешелүү кызматтарга жана акимдерге  шаардыктардын бардык маселелерин Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарынын чегинде тез арада кароону тапшырды.

Урматтуу шаардыктар! Вице-мэр Узаков Азат Сапарбаевичтин жеке кабыл алуусуна: 61-07-33 телефон номуру аркылуу  жазылсаңыздар болот.

Биз бардык суроолорду же даттанууларды: 1840, 1850 номерлери боюнча кабыл алабыз жана сүрөт жана видео фактыларды Бишкек шаарынын мэриясынын WhatsApp каналына жөнөтүңүздөр: (0554) 182 185.

Шаар тургундары Бишкек шаарынын мэриясынын социалдык түйүндөрдөгү расмий аккаунтуна: Facebook, Instagram, Twitter жазылып, ыкчам маалымат алып, суроолорун бере алышат. Ошондой эле, бардык маалыматтар тез арада Бишкек шаарынын мэриясынын расмий сайтына жайгаштырылат.