Биз жаңы конуштардын  инфраструктурасын жакшыртууну улантып жатабыз.

"Көлмө" конушундагы  Кулиев көчөсүн бойлой канализациялык тармактардын курулушун улантып жатабыз. Канализациянын курулушу боюнча негизги иштер аяктады, көчөнүн аймагын жакшыртуу жана тазалоо калды.

Канализация тармагынын узундугу 445 метрди түзөт. Бул конуштагы  30дан ашык үй канализацияга кошула алат.

Канализация тармагын курууда бардык стандарттарга жооп берген материалдар колдонулган.

Эске салсак, Коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгы жарыялаган тендердин  жыйынтыгы боюнча "Дрим Строй" бөдрөтчү компаниясы ишти жүргүзөт.