"Бишкекреклама" муниципалдык ишканасы 2GIS компаниясы менен биргеликте шаардагы бардык таштанды жайларын электрондук картага түшүрүү боюнча пилоттук долбоорду ишке киргизди.

Мындай иштер Бишкек шаарынын тургундарынын жана конокторунун ыңгайлуулугу үчүн жүргүзүлөт.

Эми,  шаардыктар электрондук картадан кафелерди же башка объекттерди гана эмес, ал тургай, таштанды таштоочу жай кайда экенин биле алышат.