Капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан узундугу 26,95 км болгон 27 көчөдө оңдоо иштери жүрүп жатат.

Асфальт-бетон төшөлмөсүнүн астыңкы жана үстүңкү катмарларын салуу иштери узундугу 12,3 км болгон 11 көчөдө жүргүзүүдө. Алар:

- Сухэ-Батор көчөсү Каралаев көчөсүнөн Шабдан Баатыр көчөсүнө чейин;
- Новая көчөсү Ленская көчөсүнөн “Жеңиш” конушундагы Жеңиш көчөсүнө чейин;
- Түгөлбай-Ата көчөсү Орозбеков көчөсүнөн Ибраимов көчөсүнө чейин;
- Кулатов көчөсү Каракулская көчөсүнөн Байтик-Баатыр көчөсүнө чейин;
- Архитекторлор көчөсү Киргизская көчөсүнөн “Ак-Босого” конушундагы КЧКга чейин;
- Ажыбек баатыр көчөсү Жунусалиев көчөсүнөн Манас проспектисине чейин;
- Баба-Ата көчөсү Бакаев көчөсүнөн Садырбаев көчөсүнө чейин;
- Шералиев көчөсү Жайыл Баатыр көчөсүнөн Ахунбаев көчөсүнө чейин;
- Култегин көчөсү Гидростроитель көчөсүнөн “Энесай” конушундагы Энесай-20 көчөсүнө чейин;
- Турусбеков көчөсү Ташкент көчөсүнөн Щербаков көчөсүнө чейин;
- Абдымомунов көчөсү Манас проспектисинен Т.Молдо көчөсүнө чейин.

Узундугу 8,95 км болгон 9 көчөдө асфальт-бетон төшөө үчүн жер казуу иштери жүрүп жатат.

Тыгындарды азайтуу үчүн төмөнкү көчөлөрдүн унаа жүрүүчү бөлүгү ачылды:

- К.Карасаев көчөсү Байтик-Баатыр көчөсүнөн Б.Юнусалиев көчөсүнө чейин;
- Стадионная көчөсү Ю. Абдрахманов көчөсүнөн Ынтымак конушундагы Магистральная көчөсүнө чейин;
- С. Будённый көчөсү Чүй проспектисинен У.Салиева көчөсүнө чейин;
- Жукеев-Пудовкин көчөсү Т.Медеров көчөсүнөн Т.Кулатов көчөсүнө чейин;
- А.Матросов көчөсү Т.Медеров көчөсүнөн И.Ахунбаев көчөсүнө чейин;
- Шота Руставели көчөсү И.Ахунбаев көчөсүнөн Ю.Гагарин көчөсүнө чейин;
- М.Өмүракунов (Ю. Гагарин) көчөсү Т.Фрунзе көчөсүнөн Ашар көчөсүнө чейин.

“Бишкекасфальтсервис” муниципалдык ишканасы жалпы узундугу 7 895 метр болгон 11 көчөнүн кесилишинде жол оӊдоо иштер жүрүүдө.

Октябрь району боюнча “Алтын-Ордо” конушундагы Алтын Ордо-3 жана Алтын Ордо-6 көчөлөрүндө иштер жүргүзүлүүдө. Алтын Ордо-3 көчөсүндө топуракты пландаштыруу жана тегиздөө иштери аяктады, жол бордюрлары орнотулуп, суу лотоктору орнотулууда жана жакында жолду асфальттоо башталат. Ал эми, Алтын Ордо-6 көчөсү боюнча геодезиялык иштер жүргүзүлүүдө, жол бордюрларын орнотуу иштери башталды.  7-кичи району, “Бона” медициналык борборунан №6 үйгө чейин, жол кыртышын пландоо жана эски бордрюрларды, арыктарды алуу иштери жүрүүдө.

Свердлов району боюнча Граждан көчөсү Т. Айтматовдон Курманжан Датка көчөсүнө чейин, узундугу 870 метр жол оӊдолууда. Эски асфальтты кыруу,  эски бордюрларды жана ирригация тутумдарын алып салуу иштери аткарылууда. Жөө адамдар өтүүчү жолду пландоо менен ирриагиция тутумдары салынууда. Ошондой эле, иштер Веселый көчөсү Жибек Жолу проспектисинен Салиева көчөсүнө чейин аткарылууда. Азыркы учурда жол бордюрлары жана арыктар орнотулууда.

Ленин району боюнча Шиш-төбө көчөсү Жамгырчиновдон Товарный көчөсүнө чейин узундугу 160 метрди түзгөн жолду салуу аягына чыгуу алдында турат.  Ошондой эле, Кайназарова көчөсү Жамгырчиновдон темир жол станциясына чейин узундугу 160 чарчы метрди түзгөн жолду оӊдоо иштери кызуу жүрүүдө.

Биринчи май району боюнча Мыскал көчөсүн Махата Гандиден Мидин көчөсүнө чейин көпүрө куруу менен чогу курулуш иштери жүрүүдө. Республика көчөсү Окраинден (ЧЧК) Мыскалга чейин эски асфальтты кыруу, шагыл төгүү, ирригация тутумдарын орнотуу иштери аткарылууда.

Эски брусчатка жана асфальты алынып, жол салуу иштери Дыйкан көчөсү Месарошадан Нарскийге чейин аткарылууда. Ошондой эле, месароша көчөсү Месарошадан Набережныйга чейин ирригация тутумдары салынууда.

Капиталдык курулуш боюнча 10 объектиде жалпы узундугу 5 445 чарчы метрди түзгөн жол тилкесинде жумуштар аяктап, колдонууга берилди.

Эске салсак, “Бишкек шаарынын көчө-жол тармагын өнүктүрүү” долбоорунун экинчи фазасы эки жылга эсептелген. Долбоорго ылайык жалпы узундугу 70 километрден ашкан 60 көчө оӊдоодон өтөт (реконструкцияланат), ошондой эле 5 көпүрөнүн курулушу да пландаштырылган. Ишти Кытай эл республикасынын гранттык каражаттарынын эсебинен подрядчы China Road and Bridge Corporation жүргүзүүдө.

Урматтуу шаардыктар! Сиздерден жүрүп жаткан жол жумуштарына түшүнүү менен мамиле кылууну жана маршрутуӊузду алдын ала пландаштырууну суранабыз.