Ленин районунун мектептерине жана мектепке чейинки мекемелерине рециркуляторлор орнотулат.

Бишкек шаарынын мэриясынын алдындагы шаардык эпидемияга жана эпизоотияга каршы ыкчам комиссиясынын тапшырмасы боюнча бактерициддүү  рециркуляторлор сатылып алынды.

Аба тазалагычтар Ленин районунун билим берүү жана мектепке чейинки уюмдарында орнотулат. 30 орто мектепке жана 18 бала бакчага 575 рециркулятор сатылып алынды.

Ленин районунун башчысы Мурат Осмонов Бишкек шаарынын №47 орто мектебине барып, рециркуляторлордун иштеши менен таанышты. Адистер жабык мейкиндиктердеги зыяндуу микроорганизмдерди, вирустарды жана бактерияларды, анын ичинде Ковид-19 вирусун жок кылуудагы рециркулятордун иштɵɵ функциялары боюнча түшүндүрмө беришти.