Ленин районунун башчысы Мурат Осмонов Бишкек шаарынын Ленин районунун №1 МАБынын активи менен Бишкек шаарынын №2 орто мектептин жыйындар залында жолугуп, инфраструктураны өнүктүрүү, транспорт, электр энергиясы, суу менен камсыздоо жана башка жергиликтүү элдин курч маселелери талкуулады.

Ошондой эле №1 МАБдын  начальниги  буга чейинки жолугушууда берилген тапшырмалардын аткарылышы боюнча отчет берди.
Жолугушуунун жыйынтыгында, жергиликтүү жамааттын көйгөйлөрүн ыкчам чечүү үчүн квартал сайын башчы менен жолугушууну уюштуруу керек деген чечим кабыл алынды.

Белгилей кетсек, башчынын райондун активи менен жолугушуусу 2021 -жылдын 17 -сентябрына чейин уланат.