Шаардын төрт районунда билим берүү мекемелерине жакын жайгашкан жол белгилери жана чийиндери жаӊыланууда.  Бул ишти “Бишкекасфальтсервис” муниципалдык ишканасы жүргүзүүдө.

Бүгүнкү күндө Ленин районундагы № 2, 7, 9, 25, 31, 40, 42, 50, 55, 59, 68, 72, 84, 93 мектептеринин жанындагы жол чийиндери жаӊыртылды.

Октябрь районундагы № 17, 20, 26, 91 мектеп-гимназиясынын, № 34 атайын көмөкчү мектептин жана №60 орто мектептин жанына ылдамдыкты азайтуучу жасалма дөӊчө салуу, жол белгилерин орнотуу жана жол чийиндерин  чийүү иштери аяктады.

Свердлов району боюнча  №46, 66, 89, 11, 85, 45 орто мектептебинин, №33, 4, 67 мектеп-гимназиясынын, №65 экологиялык-экономикалык лицейдин, №48 мектепке чейинки билим берүү мекемесинин жана Инновациялык технологиялар улуттук мектеп-лицейдин алдындагы жөө жүргүнчүлөр өтүүчү өтмөктөр жаӊыртылды жана жол белгилери менен ылдамдыкты азайтуучу жасалма дөӊчөлөр салынды.

Ушундай эле иштер Биринчи май районундагы №18, №6, №28, №48, №49, №69, №36 жана №75 орто мектептердин аймагында дагы аяктады.

Шаар боюнча бул багыттагы иштер уланууда.