2021 -жылдын 20 -сентябрынан тарта бала бакчалардын иши кичи топторго бөлүнбөй кайра жанданат.

Мындай чечимди 14-сентябрда Бишкек шаарынын мэриясынын алдындагы шаардык эпидемияга жана эпизоотияга каршы комиссиясы кабыл алды.

Буга  "Мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын ишин жандандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 2021 -жылдын 26 -мартындагы №327/1 жана Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо жана Социалдык өнүктүрүү министрлигинин 2021 -жылдын 26 -мартындагы №321 биргелешкен буйругу,   Бишкек шаарынын Мамлекеттик санитардык -эпидемиологиялык көзөмөл борборунун каты негиз болгон.

Бишкек шаарынын райондорунун башчыларына жана Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгына мектепке чейинки билим берүү уюмдарын жана Бишкек шаарынын жалпы билим берүү уюмдарын тамак -аш менен камсыздоо боюнча тийиштүү иштерди белгиленген талаптарга жана нормаларга ылайык жүргүзүү тапшырылды.

Урматтуу ата-энелер! Эгерде сизде же сиздин жакындарыңызда вирустун симптомдору болсо, анда балаңызды бала бакчага алып барбаңыз. Эгерде бала бакчаларда коронавирус менен ооругандар аныкталса, анда аларды карантинге жабууга аргасыз болобуз.