12-14-сентябрда Белградда (Сербия) «ISF U 15 World School Sport Games» дүйнөлүк мектеп спорт оюндары өткөрүлдү.

Дене тарбия жана спорт башкармалыгына караштуу Свердлов районунун Санатбаев атындагы спорт мектебинин спортчулары Нурболот Сыргабай уулу менен Сабит Шамшединов 15 жашка чейинки мектеп окуучулары арасында дүйнө чемпиону болуп, эки алтын медалга ээ болушту.

Дене тарбия жана спорт бөлүмүнө караштуу Ленин районунун спорт мектебинин жана Свердлов районунун Р.Санатбаев атындагы спорт мектебинин окуучулары грек-рим күрөшү боюнча байгелүү орундарга ээ болушту:

- Данияров Салман, 52 кг - алтын;
- Жакыпбеков Бакыт, 75 кг - күмүш;
- Акылбек уулу Эржан, 62 кг - коло.