Борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиев Чехиянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Гикл Рудольф мырза менен жолукту.

Тараптар саркынды сууларды тазалоо жаатында чех технологияларынын потенциалын, келерки жылы Бишкекте "Жашыл технологиялар" кыргыз-чех биргелешкен бизнес форумун уюштуруу мүмкүнчүлүгүн талкуулашты.

Борбордун мэри форумду өткөрүүдө кызматташууга жана жардам берүүгө даяр экенин билдирди.