Бишкек шаарынын мэриясынын колл -борборуна шаардыктардын көптөгөн кайрылууларына байланыштуу, «Бишкек токтотмолору жана унаа туруктары» муниципалдык ишканасынын адистери Бишкек шаарынын мэриясынын Жер ресурстар башкармалыгы,  Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын адистери менен бирге мыйзамсыз операторлорду аныктоо боюнча «Аламүдүн» базарына жакын көчөлөрдө рейд өткөрүштү.

Бишкек шаарынын мэриясынын Жер ресурстар башкармалыгынын өкүлүнүн берген маалыматы боюнча, ижарага берилген жер тилкесинин пайдалануу укугунун мөөнөтү бүткөн. Бүгүнкү күндө Бишкек шаарындагы жер тилкелерине укук берүү боюнча комиссиянын чечими менен унаа токтотуучу жайлар ишканага бекитилип берилген.

Урматтуу шаардыктар! Эгерде унаа токтоочу жайларда операторлор атайын жилеттери жок жана төлөм талонун бербесе, анда “Бишкек токтотмолору жана унаа туруктары” муниципалдык ишканасына видео жана фото фактылар менен кайрылууңуздарды суранабыз.
Биз социалдык түйүндөр аркылуу арыздарды кабыл алабыз: https://www.facebook.com/102097021329567/