"Тазалык" муниципалдык ишканасы жана "Комтранском" ЖЧКсы сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында, эки тарап доо арыздарын кайтарып алууга, ошондой эле компаниянын ишин Октябрь районунда улантууга макул болушту.

Финансылык милдеттенмелер боюнча келишим чечилди. "Комтранском" ЖЧКсы Октябрь районунда орнотулган таштандыларды чогултуу үчүн контейнердик аянтчаларды жана контейнерлерди пайдалануу үчүн  төлөм жүргүзүүнү жана катуу таштандыларды чыгарууну өз убагында улантат.

Эске салсак, аянтчалар Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын насыя каражатынан (ЕРӨБ) алынган. Шаардагы катуу таштандыларды чогултууну жана чыгарууну жакшыртуу үчүн ЕРӨБ насыясы 3,0 миллион еврого алынган.

Урматтуу Октябрь районунун тургундары! Сиздерден жана ишкердик субъекттерден "Комтранском" ЖЧКсынын катуу таштандыларды чыгаруу боюнча кызматтары үчүн төлөмдөрдү ɵз убагында жүргүзүүнү суранабыз.