16 -сентябрда борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиев Октябрь окуясынын кесепетинен каза болгон Алтынбек уулу Үмүтбектин эжеси  менен жолукту.

Мэр каза болгон баланын атасына батир берүү кечиктирилгени үчүн кечирим сурады жана Бишкек шаардык кеңешинин 28 -сентябрда боло турган сессиясында бул маселе караларын билдирди.

Бишкек шаарынын мэриясы “Бишкек шаары,  Анкара көчөсү №202 \ 2 дарегиндеги  №112 муниципалдык батирди кайтарымсыз негизде берүү жөнүндө" токтомдун долбоорун  Бишкек шаардык кеңешине  киргизди.

Токтом бекитилээри менен Муниципалдык менчик башкармалыгы аянты 65,9 чарчы метр болгон  эки бөлмөлүү жаңы батирди менчикке өткөрүп берүү боюнча келишим түзөт.