Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев №1 "Шоола" мектепке чейинки билим берүү уюмуна барды.

Өткөн жылдын март айында конструкциялардын инженердик -техникалык кароосунун жыйынтыгы боюнча  бала бакча авариялык абалда  деп табылган. Учурда мекеме иштебейт.

Мэр Коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгына  оңдоо иштеринин титулдук тизмесине киргизүүнү жана имараттын конструкциясын бекемдөө менен оңдоо-калыбына келтирүү иштерин тезирээк баштоону тапшырды.

Айбек Жанышбекович муниципалитеттин бардык аракети курулуп жаткан объектилерди бүтүрүүгө, ошондой эле  тез арада оңдоо же реконструкциялоо талап кылынган,  иштеп жаткан билим берүү мекемелерин калыбына келтирүүгө багытталаарын белгиледи.