Дордой конушунда 140 орундуу бала бакчанын курулушу башталды. Бала бакчанын курулушу үчүн бөлүнгөн жер тилкесинин жалпы аянты 0,57 га жакын.

 Имаратта оюн бөлмөлөрү, ашкана, уктоочу бөлмө, жууну жайы, медициналык кеңсе, кызматкерлердин бөлмөсү, музыкалык-гимнастикалык зал, сактоочу жана техникалык бөлмөлөр болот. 

Коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгынын сынагынын жыйынтыгы боюнча "Монолит Строй" курулуш компаниясы курулуш иштерин жүргүзөт. Бала бакчанын курулушуна каражат шаардык бюджеттен бөлүнөт.