Күн сайын муниципалитеттин санитардык -экологиялык инспекциясынын тобу шаардын аймагынын санитардык абалын жакшыртуу, жашылдандыруу жана көрктөндүрүү боюнча иштерди жүргүзөт.

70-берене боюнча чектеш аймакта тазалыкты жана тартипти сактабаганы үчүн Патрис Лумумба көчөсүнүн, Улан кичи районунун тургундарына, "Эра Констракшн "жана "Бакар Плюс" компаниясынын өкүлдөрүнө 3 миңден 13 миң сомго чейин айып пул салынды.

"Мирбек Строй" компаниясы, "Елена" ательесинин ижарачысы жана шаар тургуну  Мусапыров  К.  тиричилик таштандыларын башаламан таштагандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылат. Алардын баарына 71 -берененин 1-бөлүгүнө ылайык,  5 миң 500 сомдон 17 миң сомго чейин айып салынат.

Чуйков көчөсү №138 дарегиндеги  чиркөө курулуш таштандыларын таштаган. Биз аларга 23 миң сом өлчөмүндө айып салдык. Алар күнөөсүн мойнуна алып, жеринде токтом чыгарышты.

Урматтуу шаардыктар, ишкерлер жана уюмдар! Сураныч! Көрктөндүрүү эрежелерин бузбаңыздар! Ар бирибиз айланабыздагы 10 метр аралыкты таза кармоого милдеттүүбүз.  Өзүңүзгө жана шаарыбызга  кам көрүңүз.