Шаардык транспорт башкармалыгынын адистери  Мамлекеттик санитардык -эпидемиологиялык көзөмөл борбору жана КР Транспорт жана жолдор министрлигинин алдындагы транспорт инспекциясы менен биргеликте коомдук транспорттун салондорун күн сайын текшерип турушат.

Рейддин жүрүшүндө коомдук транспортто дезинфекциялоочу каражаттардын болушу, санитардык нормалардын сакталышы текшерилет, айдоочулар жана жүргүнчүлөр менен коомдук транспортто беткап режиминин сакталышы боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт.

Тартип бузгандарга административдик протоколдор түзүлүп, «Спейсталс» жана  «Ай-эль транс» ЖЧКсынын кичи автобус каттамынын айдоочуларына карата санитардык-эпидемиологиялык нормаларды сактабагандыгы үчүн 150/1, 271/2 беренелери боюнча айып пул салынды.

Бишкек шаарынын мэриясы шаардыктардан жана айдоочулардан коомдук транспортто жүргөндө санитардык эрежелерди сактоону чын жүрөктөн суранат.