Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев "Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы" муниципалдык ишканасынын ишмердүүлүгү  жана кызматкерлердин иштөө шарттары менен таанышты. Шаардык транспорт башкармалыгынын жакында эле оңдолгон административдик имаратына да барды.

Иш сапардын аягында Айбек Жунушалиев ишкананын жетекчилигине автобустарды пландаштырылган чыгарууну максималдаштыруу, ошондой эле "Электрондук билет" долбоорун киргизүү боюнча тапшырма койду.