Таң эрте борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиев реконструкция жүрүп жаткан жолдордун ишин текшерүүдөн өткөрдү.
Текшерүүдөн Шота Руставели, Жукеев-Пудовкин жана Матросов көчөлөрү өттү.

Шота Руставели көчөсү Ажыбек Баатыр көчөсүнөн Гагарин көчөсүнө чейин оңдолот. Оңдоп-түзөөдөн кийин унаа жолунун туурасы 7 метр болот. Учурда жолдун Ахунбаев көчөсүнөн Гагарин көчөсүнө чейинки бөлүгү автоунаанын кыймылы  үчүн ачык.

Жукеев-Пудовкин көчөсү Ахунбаев көчөсүнөн Кулатов көчөсүнө чейин оңдолот, унаа жолунун туурасы 9 метр болот.
Матросов көчөсү И.Ахунбаев көчөсүнөн М.Горький көчөсүнө чейин оңдолот, реконструкциядан өтүп жаткан жолдун узундугу 1,56 км. Реконструкциядан кийин И.Ахунбаев көчөсүнөн Медеров көчөсүнө чейинки бөлүктүн туурасы 10 метрди, Карасаев көчөсүнөн М.Горький көчөсүнө чейин 7 метрди түзөт.

Жолдордун эки тарабынан тротуарлар жана сугат үчүн ирригация каралган. Жолдорду оңдоп-түзөө КЭРдин гранттык каражаттарынын эсебинен "Көчө жана жол тармагын өнүктүрүү" долбоорунун экинчи этабынын алкагында жүрүп жатат.

Текшерүүнүн жүрүшүндө шаар башчысы райондордун жетекчилерине бардык объектилерди кыска мөөнөттө бүткөрүүгө жана унаа тыгынын пайда кылбоо үчүн оңдолуп жаткан жолдорду күн сайын текшерип турууну тапшырды.

Өзгөчө көңүл люктарды туура коюга, сугарууну уюштурууга, жол жээгин көрктөндүрүүгө, жолдун жана тротуарлардын сапатын катуу көзөмөлгө алууга, ошондой эле сугат суу менен камсыз кылуу маселесин кароого бурулушу керек.
Шаардык кызматтар ыкчам иш алып барышы үчүн иш графигин түзүп, аны так сактоолору зарыл.