Шаардыктардын коомдук пикирин эске алуу менен, Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунан унааны муниципалдык менчикке кабыл алуу боюнча токтомдун долбоорун Бишкек шаардык кеңешинен  кайтарып алууну тапшырды.

2010 -жылкы Toyota Prado белгиленген тартипте КР Транспорт жана жолдор министрлигине өткөрүлүп берилет.