Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевдин буйругу менен транспорт боюнча вице-мэр Русланбек Акылбеков башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызматынан бошотулду.

Борбор калаанын мэринин башка буйругу менен Орозов Талайбек Саратанбекович санариптештирүү жана транспорт боюнча вице-мэр болуп дайындалды.