"Бишкексууканал" башкармалыгынын маалыматы боюнча, 30 -сентябрда саат 9:00дөн 21:00гө чейин Бишкектин айрым райондорунда суу токтотулат.

Сууну өчүрүү "Тоголок Молдо" суу алгычында оңдоо -профилактикалык иштерди жүргүзүүгө байланыштуу.

Панфилов, Фрунзе, Манас көчөлөрү жана темир жол линиясы чектешкен аймакта суу өчүрүлөт.

Борбор калаанын мэриясы келтирилген ыңгайсыздык үчүн кечирим сурайт жана шаар тургундарынан  ичүүчү сууну камдап алууну суранат.