Каракол шаарында 16 жашка чейинки кыз -келиндер арасындагы Кыргыз Республикасынын Кубогу өттү.

Мелдешке 8 аймактык команда жана Бишкек шаары катышты.

Бишкек шаарынын курама командасы, Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт башкармалыгына караштуу СДЮШОР-СИ өкүлдөрү финалдык баскычка чыгып, эки жеңишке ээ болуп, Кыргыз Республикасынын Кубогуна жана төрт номинацияга ээ болушту.

- Аделаида Мырзалиева мыкты коргоочу болду;
- Дученова Арууке мыкты чабуулчу деп табылды;
- Кубоктун мыкты оюнчусу - Мурзакулова Нурсулуу;
- Эң мыкты машыктыруучу Д.С.Макаров болду.

Борбор калаанын мэриясы спортчуларды жеңиши менен куттуктап, мындан аркы ийгиликтерди каалайт.