Массалык маалымат каражаттарында мас аял өзүн Бишкек мэриясынын кызматкеримин деп тааныштырган видео чыккан.

Бишкек шаарынын мэриясы 2019 -жылы О.Р. чындыгында Муниципалдык менчик башкармалыгынын муниципалдык мүлктү ижарага берүү бөлүмүнүн башкы адиси болуп иштегенин билдирет. Бирок, ошол эле жылдын февраль айында ал кезектеги  эмгек өргүүсүнө чыгып, кийин жумуштан алынган.

Буга байланыштуу, видеонун каарманы учурда  муниципалитеттин же анын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн кызматкери эместигин билдиребиз.