Борбор калаанын мэринин тапшырмасы боюнча райондун башчылары оңдоп-түзɵɵ иштери жүрүп жаткан жолдорду текшерүүдө.

Ленин районунун башчысы Русланбек Тагаев көчөлөрдү оңдоо иштери боюнча Жайыл Баатыр кɵчɵсү Чортеков кɵчɵсүнɵн Сокулук районунун административдик чек арасына чейин, Кривоносов кɵчɵсү Л.Толстойдон Алыбаев кɵчɵсүнɵ чейин, Ашар кɵчɵсү Ахарбаевден Гагарина кɵчɵсүнɵ чейин жана Т. Фрунзе кɵчɵсүнө көчмө жыйын өткөрд.

Кɵчмɵ жыйындын жыйынтыгында бардык оңдоо иштерин курулуш эрежелерине жана мамлекеттик стандартка ылайык жасоону тапшырды.

"Бишкек шаарынын көчө-жол тармагын өнүктүрүү" концепциясынын экинчи этабын ишке ашыруунун алкагында Кытай Эл Республикасынын гранттык каражаттарынын эсебинен 2021-2022-жылдарга Бишкек шаарынын Капиталдык курулуш башкармалыгы аркылуу жалпы узундугу 29,5 км. болгон 25 кɵчɵ капиталдык оңдоодон өткөрүлүүгө тийиш. 2021 -жылы узундугу 18 км болгон 16 көчөнү капиталдык оңдоодон өткөрүү пландалууда.

Учурда райондун 6 көчөсү унаалардын өтүүсү үчүн ачык: Айбийке, Бакаев, Жолон, Каркыра, Стадионная, Гагарин.