Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Улуу Британиянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Чарльз Гарретт мырза менен жолукту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар түрдүү багыттар боюнча эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү, анын ичинде шаардын экологиялык көйгөйлөрү жана аларды чечүү жолдорун талкуулашты.

Элчи ошондой эле 31 -октябрдан 12 -ноябрга чейин Глазго шаарында (Шотландия) БУУнун климаттын өзгөрүшү боюнча Конференциясынын 26 -сессиясы өтөрүн маалымдады.

Тараптар аталган иш -чаранын урматына веложүрүш уюштуруу жана ошону менен коомчулуктун көңүлүн экологиялык проблемаларга жана климаттын өзгөрүшүнө буруу мүмкүнчүлүгүн талкуулашты.

Бишкек шаарынын мэри элчиге иш сапары үчүн ыраазычылык билдирип, кызматташууга даярдыгын белгиледи.