Жүк 2015-жылдын 25-ноябрында саат 12:00до Ош шаарына жеткирилип жана 14:00до облустун бийлигине тапшырылып берилди.


Жер титирөөдө жабыркагандарга жардам берүү максатында Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов райондук администрациялардын башчыларына  гуманитардык жардамдарды чогултуу пунктарын ачуу тапшырмасын берген.


2015-жылдын 24-ноябрында Бишкек шаарынын мэриясы 4 жүк унаа жалпы суммасы 1 млн. 230 миӊ сомго  жылуу кийимдерди, азыктарды, курулуш материалдарды жана башка керектүү буюмдарды  чогултуп, Ош облусунда жер титирөөдө жабыркагандарга гуманитардык жардам жиберди.

Мындан тышкары, Бишкек шаарынын мэриясы, аймактык жана түзүмдүк бөлүмдөрү КР ӨКМ караштуу «Өзгөчө кырдаалдарга чара көрүүнүн Түштүк Борборуна»   жардам катары бир күндүк айлык акыларын беришти. Акчалай жардамдын жалпы суммасы 3 млн.сомду түздү.

Бишкек шаарынын мэриясы жер титирөөдө жабыркагандарга жардам көрсөткөн бардык шаар тургундарына жана калаанын мекеме жана уюмдарына тереӊ ыраазычылык билдирет.