Борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиев Корея Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ли Вонджэ мырза менен жолукту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Бишкек шаары менен бир тууган шаар Куми (Түштүк Кореянын Кёнсан-Пукто провинциясы) ортосундагы эки тараптуу мамилелердин мындан аркы өнүктүрүүнү талкуулашты.

Калаа башчысы Кореянын шаарлары менен саламаттыкты сактоо,  шаардык инфраструктураны өнүктүрүү чөйрөлөрүндө тажрыйба алмашууга кызыкдар экенин билдирди.

Өз кезегинде, элчи Бишкек шаарынын мэрине кызматташтык үчүн ыраазычылык билдирип,  Кореянын башка шаарлары менен достук мамилелерди мындан ары өнүктүрүүгө кызыкдар экенин баса белгиледи.