Турак жай- коммуналдык чарба тармагын  көзөмөлдөгөн вице-мэр Максатбек Сазыкулов Бишкек шаарынын мэриясынын санитардык-экологиялык инспекциясынын башчысы Медер Амангелдиев менен биргеликте Тоголок Молдо жана Москва көчөлөрүн текшерип чыкты.

Текшерүүнүн жүрүшүндө  "Фармамир" компаниясынын  бир бөлүгү болгон дарыкананын кызматкерлери тарабынан таштанды туура эмес жерге төгүлгөндүгү аныкталды. Аларга тиричилик таштандыларын ыргыткандыгы  үчүн Кыргыз Республикасынын "Бузуулар жөнүндө" Кодексинин 71 -беренесинин 1 -бөлүгүнө ылайык, 17 миң сом өлчөмүндө айып салынды.

Кечээ, 11 -октябрда "Спартак" стадионунда Ka4eli Fest музыкалык фестивалы өттү. Ошол эле учурда администрация тазалыкты жана тартипти камсыздай алган жок. Бул үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигине 70 -берене боюнча 13 миң сом айып салынды. Бирок, алар мыйзам бузууну мойнуна алышкан жок, ишти бузуулар боюнча административдик комиссия карайт.

Мындай рейддер үзгүлтүксүз жүргүзүлөт.

Урматтуу шаардыктар, ишкерлер жана уюмдар! Сураныч! Таштандыларды белгисиз жерлерге ыргытпаңыздар жана өрттөбөңүздөр. Борборду көрктөндүрүү эрежелерине ылайык, БААРЫБЫЗ (!) айланабыздагы 10 метр аралыктагы  аймакты таза кармоого милдеттүүбүз. Өзүңүзгө жана кичи мекениңизге кам көрүңүздөр!