"Бишкексууканал" башкармалыгынын  маалыматы боюнча, 14 -октябрда саат 9:00дөн 21:00гө чейин борбор калаанын айрым райондорунда ичүүчү суу болбойт.

Бул "Батыш-2" суу алгычындагы жана шаардык суу түтүктөрүндөгү оңдоо жана техникалык тейлөө иштерине байланыштуу.

Үйлөрдө, мектептерде, бала бакчаларда, саламаттыкты сактоо мекемелеринде жана башка социалдык жана өндүрүштүк объектилерде суу өчүрүлөт.

Ала -Арча суусу - темир жол линиясы - Жибек Жолу проспектиси - Жаш Гвардия бульвары жана - Жаш Гвардия - темир жол линиясы - Фрунзе - Манас  көчөлөрү чектешкен аймакта суу токтотулат.

Борбор калаанын мэриясы келтирилген ыңгайсыздык үчүн кечирим сурайт жана калкты жана уюмдарды ичүүчү сууну камдап алууну суранат.