Биринчи май райондук администрациясынын жыйындар залында акимдин  биринчи орун басары Сатыбек Каныбековдун төрагалыгы алдында МАБ башчыларынын, райондук кызматтардын жана бөлүмдөрдүн башчыларынын катышуусунда пландуу жыйын өттү.

Жетекчинин протоколдук тапшырмаларынын аткарылышын көзөмөлдөө, калкты эмдөө маселелери каралды, райондо өрт коопсуздугу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат угулду.

Жолугушуунун жыйынтыгында бардык райондук кызмат жетекчилерине, МАБ башчыларына калкка жана райондук кызматтардын кызматкерлерине коронавирус инфекциясына каршы вакциналарды алуу зарылдыгы тууралуу түшүндүрүү иштерин күчөтүү тапшырылды.

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) Бишкек шаары боюнча Мамлекеттик өрт коопсуздугу инспекциясынын директоруна райондо өрт коопсуздугун камсыз кылуу үчүн зарыл болгон чараларды көрүү тапшырмасы берилди.

"Бишкекжашылчарба" муниципалдык ишканасынын агроному өтө муктаж үй -бүлөлөрдү кышка отун менен камсыз кылат.

Ошондой эле, электр энергиясын үнөмдөө максатында МАБдарга райондун тургундары арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырылды.