Бишкек шаарынын мэриясынын Коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгынын жамааты "Санариптик технологиялар борбору" муниципалдык ишканасы менен биргеликте курулуп жаткан объектилердин интерактивдүү картасын иштеп чыгышты.

Анда социалдык объектилердеги курулуш-монтаждоо иштеринин этаптары боюнча актуалдуу маалыматтар чагылдырылган, алар жума сайын жаңыртылып турат.

Эми борбордун ар бир тургуну жаңы объекттер кайда курулуп жатканын биле алат, ошондой эле курулуш -монтаждоо иштеринин жүрүшү тууралуу маалымат ала алат.

Азыр инженердик коммуникацияларды куруу боюнча маалымат берүү маселеси иштелип жатат.

Урматтуу шаардыктар! Кызыккан маалыматты алуу үчүн, https://e-meria.kg шилтемесине кирип, "Социалдык объекттердин курулушу (КМККБ аркылуу)" өтмөгүнө өтүү керек, түз шилтеме: https://e-meria.kg/oguks-for-user

Жакын арада башкармалык тарабынан жүргүзүлүп жаткан  бардык курулуш иштери, ошондой эле  долбоорлор  иштелип чыккан картага жайгаштырылат.