Бишкек шаарынын мэриясы №199 маршруттук каттам менен №2 троллейбустун айдоочуларынын ортосундагы чыр тууралуу төмөнкүлөрдү  билдирет.

Бишкек троллейбус башкармалыгында тиешелүү кызматтардын жетекчилеринин катышуусунда ички комиссия өткөрүлдү.

Комиссиянын чечимине  ылайык, кыймылдуу курамдын эксплуатация башчысына  жана борт номери 1704  троллейбусунун  айдоочусу Канатбек уулу Максатка сыйлыктан ажыратылбастан сөгүш жарыяланды. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн башчысы жана айдоочунун насаатчысы эскертүү алды.

"БайШамТранс" ЖЧК сы жүргүнчүлөрдү ташуучу компаниянын инженери  жана №199 маршруттук каттамдын айдоочусу Медетбеков У. сөгүш алды.

Ошондой эле, ташуучу компанияга жана троллейбус башкармалыгынын жооптуу кызматкерлерине айдоочулардын курамы менен жүргүнчүлөрдү маданий тейлөө жана транспорттук тартипти сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырылды.