Биринчи май акимиаты райондун тургундарын COVID-19 коронавирус инфекциясына каршы эмдөөнү улантууда. Жакында 285тен ашык адам эмдөөдөн өткөн.

Калкты эмдөөнү  максималдуу жогорулатуу максатында райондо 10 эмдөө пункттары иштейт:

- №3 ҮМБ;
- №7 ҮМБ;
- №14 ҮМБ;
- №16 ҮМБ;
-“Калыс-Ордо”, “Мурас-Ордо”, “Көлмө”, “Жеңиш” конушунда жайгашкан медициналык амбулаторияларда;
- "Бишкек Парк" соода жана оюн -зоок борборунда;
- "Вера центр" соода борборунда.

Дарыгерлер коронавируска каршы эмдөөнүн эффективдүүлүгү тууралуу маалымат берүүнү улантууда.

Бул багыттагы иштер уланууда.

Белгилей кетсек, райондун жалпы калкы 220 миң 200 адам, анын ичинен 84 миң 619 адам эмдөөдөн өтүүлөрү керек.  Бүгүнкү күндө 31 миң 992 адам үч түрдүү вакцина менен эмделди.

Урматтуу шаардыктар жана борбордун коноктору!  Сиздерден санитардык -эпидемиологиялык талаптарды жана эрежелерди сактоону улантууңузду: беткап кийүүнү, аралыкты сактоону, антисептик колдонууну жана имараттын ичин  желдетип турууну суранабыз.

Өзүңүзгө жана жакындарыңызга кам көрүңүздөр!