Санитардык -экологиялык инспекция шаардын тазалыгына  рейд жүргүзүүнү күчөттү.

Таң эртеден баштап шаардыктар таштандыларды алып чыгып, жолдун боюна  таштап кетишет.

Бүгүн эртең менен эки мыйзам бузуучу аныкталды.  Киев  көчөсүндөгү  «Ploika» дүкөнү, Москва көчөсүндөгү "Радуга" балдар товарларынын дүкөнү жана Панфилов көчөсүнүн 293 -үйүнүн тургуну  71 -беренеге ылайык, ар бири 5500 сомдон айып пул төлөшөт.

Киев жана Тоголок Молдо көчөлөрүнүн кесилишиндеги стихиялуу соодагерлер таштандыларды сугат тармагына ыргытышып, суунун өтүүсүн бууп салышкан. Буга байланыштуу шаар тургуну  М.Койчумановго 70 -берене боюнча 3 миң сомго протокол түзүлдү.

Шаардыктар менен жеринде түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү, бардык мыйзам бузуулар боюнча токтомдор чыгарылды.

Урматтуу шаардыктар, ишкерлер жана уюмдар! Сураныч! Таштандыларды белгисиз жерлерге ыргытпаңыздар жана  өрттөбөңүздөр. Борбор шаарды көрктөндүрүү эрежелерине ылайык БИЗ БААРЫБЫЗ (!) айланабыздагы 10 метр аралыктагы аймакты таза кармоого милдеттүүбүз.  Өзүңүзгө жана кичи мекениңизге кам көрүңүздөр!